Saturday, 20 September, 2025г.
russian english deutsch french spanish portuguese czech greek georgian chinese japanese korean indonesian turkish thai uzbek

пример: покупка автомобиля в Запорожье

 

Орусияда кордолгон кыргыз кыздардын дагы бир видеосу чыкты

Орусияда кордолгон кыргыз кыздардын дагы бир видеосу чыктыУ вашего броузера проблема в совместимости с HTML5
Орусияда өздөрүн “патриот” деп атаган топтун колуна түшкөн кыргыз кыздардын дагы бир видеосу чыкты. Интернетке 15-февралда тараган тасмада кыргыз жигиттер эки кызды суракка алып, алар эмне үчүн азер жигиттер менен кафеге келгенине жинденишкен. Бетин көрсөтпөгөнгө аракет кылган бир кыздын колун кайрып, мажбурлап видеого тартышкан жана аны интернетке таратып шерменде кылышарын эскертишкен. “Таластан болобуз” деген кыздар жаман жолдо эместигин түшүндүрүп, жалбарып коё берүүлөрүн өтүнүшкөн. Окуя Москвадагы түнкү клубдардын биринде тартылганы айтылууда. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Москвадагы расмий өкүлү Аскат Алиев видео боюнча иликтөө башталганын билдирип, тасмадагы кыздарды жана жигиттерди тааныгандар +79261891017 номуруна маалымат берүүсүн өтүндү.
Мой аккаунт