Saturday, 20 September, 2025г.
russian english deutsch french spanish portuguese czech greek georgian chinese japanese korean indonesian turkish thai uzbek

пример: покупка автомобиля в Запорожье

 

“Карышкыр” кайрадан Орусияда колго түштү

“Карышкыр” кайрадан Орусияда колго түштүУ вашего броузера проблема в совместимости с HTML5
Кылмыш дүйнөсүндө “Карышкыр” деген каймана ат менен белгилүү Мурсалим Өмүрзаков Москвада колго түштү. Аны менен бирге дагы бир кыргыз жараны, кылмыш дүйнөсүнүн активдүү мүчөсү экени айтылган Мирлан Макаилов да кармалганын Орусиядагы кыргыз элчилиги билдирди. Ага мыйзамсыз курал сактоо боюнча кылмыш иши козголуп, издөөгө алынган болчу. Мирлан Макаилов. Москва, 1-июнь, 2015-жыл. Мирлан Макаилов. Москва, 1-июнь, 2015-жыл. Экөө кыргыз жана орус милициясы бирге жүргүзгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында 1-июнь күнү кечке жуук “Строймастер” деп аталган базардын жанында колго түшкөн. Кармоо учурунда Мурсалим Өмүрзаковдон 31 грамм маңзат табылган. Учурда алар Москвадагы Коммунарский ички иштер башкармалыгында сурак берип жатышат. “Карышкыр” Нарындагы №24 тергөө абагынан өткөн айда эркиндикке чыккан болчу.
Мой аккаунт