Казак базарларындагы кыргыз мигранттары BBC Kyrgyz
У вашего броузера проблема в совместимости с HTML5
Казак базарларында соода кылган оң миңдеген кыргыз мигранттары мыйзамдан сырт абалга кептелди. Казак базарларында бир гана казак атуулдары же Казакстанда убактылуу жашоого уруксаты барлар соода кыла алат деген эрежелер күчүнө кирген. Бирок, ошого карабастан, дагы деле мурдагыдай эле иштеп жүргөн Кыргызстан атуулдары бар. Эртең-бүгүн иш жүзүндө текшерүүлөр баштала турган болсо, кыргыз мигранттары кандай абалга тушугат? Бул жагдай эки өлкө ортосундагы соода алакага кандай таасир бериши мүмкүн?