Sunday, 28 September, 2025г.
russian english deutsch french spanish portuguese czech greek georgian chinese japanese korean indonesian turkish thai uzbek

пример: покупка автомобиля в Запорожье

 

Кыргызстан менен Казакстан эзелки байланышы бар өлкөлөр

Кыргызстан менен Казакстан эзелки байланышы бар өлкөлөрУ вашего броузера проблема в совместимости с HTML5
Кыргызстан менен Казакстан - тили, маданияты, каада-салты жагынан окшош жана керек маалда бир-бирине жардам бере турган жакын өлкөлөрдөн. Акыркы жылдары Казакстандын экономикасы өрүш алып, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен алдыда баратат. Эки өлкө ортосундагы кызматташууну эки тарапка тең пайда алып келе тургандай жолго коюу боюнча иштер азырынча көбүнчө сүйлөшүү гана деңгээлинде. Табигый газ, туризм, темир жол, соода-сатык, экспорт-импорт боюнча кызматташууну жандандыруу максатында жума күнү өлкөгө Казакстандын премьер-министри Серик Ахметов расмий сапар менен келди. Визит алкагында казак өкмөт башчысы президент Алмазбек Атамбаев жана кесиптеши Жантөрө Сатыбалдиев менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, тараптар эки мамлекеттин мындан аркы кызматташтыгы туурасында сөз кылды. Кыргыз-казак өкмөт аралык кеңештин кезектеги жыйынында эки өлкөнүн өкмөт жетекчилери бир топ макулдашууга жетишип, аларды ишке ашыруу жолдорун талкуулады.
Мой аккаунт