У вашего броузера проблема в совместимости с HTML5
Тоолордо өскөн кадимки жапайы козукарын эми европа өлкөлөрүндө баалуу азык түлүккө айланды. Ошол себептүү Жалал-Абад областынын тоолуу аймактарында козу карын терген адамдардын саны арбыды. Быйылкы жылдагы сезондо 1 кг суулу козукарындын баасы 200 сомдон 500го чейин көтөрүлдү. Ал эми кургатылган өсүмдүктүн килограммы 8 миңге чыкты. Негизинен түрк ишкерлери сатып алып европа өлкөлөрунө экспортко чыгарат.