Monday, 15 September, 2025г.
russian english deutsch french spanish portuguese czech greek georgian chinese japanese korean indonesian turkish thai uzbek

пример: покупка автомобиля в Запорожье

 

Тургунбаев - "Туулган жерге"

Тургунбаев - "Туулган жерге"У вашего броузера проблема в совместимости с HTML5
Өзүнүн дүйнөсү да, пейили да баланыкындай кең, таза Бабаравшан Тургунбаев азыр айылда балдар бакчасында музыкадан сабак берет. "Балдар менен иштешкен жакшы, алардын дүйнөсүндө кыпындай да кир жок", - деген Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер менен кеңири маекти жакынкы күндөрү "Азаттыктан" угуп, окуй аласыңар. Азырынча композитордун өзүнүн аткаруусундагы бул керемет ырды угуп тургула. Акын Жээнбай Мамбеталиевдин "Туулган жерге" деген ырынын текстин да келтирип коеюн: "Туулган жерим — асыл турагым, Сезимимде өчпөс чырагым. Симфония болсоң сен эгер, Нота болуп сага турамын. Толгон токой күүлөр кубулуп, Кулагымда турат угулуп. Туулган жерим сенде турбайбы, Айтып бүтпөс кооз сулуулук. Түшкө кирсе гүлгүн жамалың, Жүз көрүшүп тунуп каламын. А сен болсо бүтпөс зор дастан, Бар болгону мен бир сабагың. Обон салган талаа жаңыртып, Кайрыктары миң бир кыялдын. Дептер болсоң сансыз барактуу, Из калтыраар мен бир сыяңмын. Толгон-токой күүлөр кубулуп, Кулагымда турат угулуп. Туулган жерим — ыйык башатым, Сезилет ээ сенден улуулук!"
Мой аккаунт