Saturday, 13 September, 2025г.
russian english deutsch french spanish portuguese czech greek georgian chinese japanese korean indonesian turkish thai uzbek

пример: покупка автомобиля в Запорожье

 

Тулпар - Карагер - өлкө сыймыгы

Тулпар - Карагер - өлкө сыймыгыУ вашего броузера проблема в совместимости с HTML5
Тулпар- Карагер. Биринчи кыргыз автоунаасы ушундай аталат. Аны жаш дизайнерлер бир жылга жакын убакытта жасап бүттү. Башка спорттук унаалардан кем калышпаган унаанын өзгөчөлүктөрү да арбын. Өзгөчө дизайн менен жасалып, шаар көчөлөрүн бойлой жогорку ылдамдыкта жүрүп бараткан унаа эч кимди кайдыгер калтырган жок. Көргөндүн көз жоосун алган мындай унаа Медер Койлубаев жана анын командасынын колунан чыккан. Унааны жасоого жаш адистер бир жылга жакын убакыт коротуп, биринчи кыргыз унаасын “Тулпар-Карагер” деп аташты. 400 аттын күчү туура келген “Тулпардын” салмагы бир жарым тонна. Күзгүнүн ордуна 170 гардустагы видеокамера орнотулган жана ички жасалгасы, тетиктердин баарысы кыргыз тилинде жазылган. Унаанын “Тулпар-Карагер” аталышы бекеринен эмес. Анын философиясы кыргыздардын тамыры менен байланыштуу, башкача айтканда, илгери ар бир баатырдын өзүнө гана ишеничтүү тулпары болгон деген авторлор, биринчи ата мекендик унаа сатыкка чыкпаарын айтат. Бирок, Медердин башка каалоочулар үчүн унаа жасоо планында бар. “Тулпарды жасоого 8 ай убакыт кетти. Канча каражат кеткени коммерциялык сыр. Айтып койчу нерсе, бул сатыкка коюлбайт, балким кийинчирээк сатаармын”,-дейт "Тулпар-Карагер" долбоорунун арт-директору Медер Койлубаев. Унаанын баасы болжол менен 70миң долларга жакын. Анткени менен авторлор анын баа жеткис экенин айтат. Тулпарды эл алдына тааныштырууда жалгыз гана унаа сүйүүчүлөр болгон жок. Жаңы кыргыз кереметининин ачылышына ар бир каалаган адам ага отуруп көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мындан сырткары, бир жума бою унааны шаар көчөлөрүнөн жана ордо калаанын көңүл ачуучу борборлорунан кезиктирүүгө болот. Альбина Сулайманова, Зарема Мусаева, Алмаз Нурманбетов, Коомдук Биринчи канал.
Мой аккаунт