Monday, 15 September, 2025г.
russian english deutsch french spanish portuguese czech greek georgian chinese japanese korean indonesian turkish thai uzbek

пример: покупка автомобиля в Запорожье

 

Тишти кантип агартса болот | Сода тишти агартабы

Тишти кантип агартса болот | Сода тишти агартабыУ вашего броузера проблема в совместимости с HTML5
Тишти агартуу каалообуз көбүрөк түйшүктү алып келиши мүмкүн. Анткени тишти агартууда кесипкөй дарыгерлердин кызматына кайрылабыз, бирок ал кызмат кымбат гана болбостон, кээ бир даарылоо ыкмалары тишке зыян алып келиши мүмкүн. Көпчүлүк тишти агартуучу каражаттар дүкөндөрдө кымбат сатылат, ал гана болбостон сиз ал каражаттардын канчалык деңгээлде таасирлүү, натыйжалуу экенин билбейсиз. Көпчүлүк тишти агартуучу ыкмалардын эн негизги кемчилиги - эмалды бузуп, тишти сезгентип жана алсыз кылат. Бактыбызга, мындай убакта жаратылыш берген баалуулуктар менен үй шартында тишке кам көрсө болот. Тишти агартууда ашкана содасын колдонуу Ашкана содасы – табигый агартуучу каражат. Бул каражаттын бизге пайдалуу жагы, эмаль соданы өзүнө сиңирип алып, тиштеги сары тактарды кетирет. Тишти агартуу үчүн ашкана содасын кантип туура колдонуу керек - төмөндө окугула: Ашкана содасын тиш пастасы катары колдонуу: Чоң аш кашык соданы кичине суу менен аралаштыр. Ал коюу аралашма тиш пастасы сыяктуу болушу керек. Ал аралашманын жардамы менен тишиңизди жууңуз. Жууп жатканда ал аралашманы жутуп албаңыз. Тишиңизге ал аралашманы 10 мүнөттөй коюп койсоңуз да болот. Оозуңузду жылуу суу менен чайкаңыз. 5 мүнөт күтүп туруп, кадимки эле тиш пастасы менен тишиңизди жууңуз. Ашкана содасы менен тиш пастасын аралаштырып колдонуу: Кичине көлөмдө тиш пастасын жана соданы алып аралаштырыңыз. Ал аралашма менен тишиңизди жууңуз. Анан оозуңузду жылуу суу менен чайкаңыз. Жогорудагы эки ыкма тең таасирдүү жана узак убакытка чейин колдонсо болот. Биринчи ыкма көп убакытты талап кылат, бирок жыйынтыгы жакшы. Бул ыкманы бир жумада бир жолу гана колдонот. Ал эми экинчи ыкманы болсо бир жумада эки-үч жолу колдонгонго болот жана да убакыт аз талап кылынат.
Мой аккаунт