У вашего броузера проблема в совместимости с HTML5
ОНЛАЙН ТВ, Радио www.ktrk.kg сайтында
Бирдиктүү мектеп формасын тандоо боюнча смс-добуш берүүнүн жыйынтыгы чыкты. 52 миңден ашык добуш алган үчүнчү номердеги дизайнердин эмгеги жеңүүчү табылды. Эми жаңы форманы окуучулар 1-сентябрдан баштап кийип баштайт. Бул Билим берүү министринин буйругу менен бекитилет.
1-класстан 4-класска чейинки окуучулар үчүн көрсөтүлгөн мектеп формасынын үлгүсү: үстүнө кочкул кызыл кастюм, астына күңүрт-боз өңдөгү юбка менен шым. Ал эми чоң класстын балдарынын көйнөгү ак, кастюму менен жакети боз өңдө. Бул түстөрдү дизайнер жаш курак жана балдардын психологиясын эске алуу менен тандаган.
Бирдиктү мектеп формасынын акыркы сынагына 9 эскиз коюлду. Дизайнерлердин эмгектери оймо-чиймеси менен өңдөрү жана фасондору бири-биринен айрымаланып турду.
Мектеп формасынын баасы канча болоору ар бир ата-эненин көөдөнүндө турат. Билим берүү министрлиги 1500-2000 миң сомдон ашырбаганга аракет көрүүдө.
Гүлнара Касымбекова, Медер Жанбеишов. Коомдук биринчи канал.