КТРКнын "Кош жылдыз" долбоору 2007-жылдан бери көрөрмандардын сүймөнчүгүнө ээ болуп келет. Ошол убакыттан бери элдин арасында билинбей катылып, ачылбай келген көптөгөн өнөрлүү адамдардын талантын жапы элге алып чыгып, ар бирин өз чегиндеги деңгээлде жылдызын жандырып жалпы элге алып чыкты. "Кош жылдыз" шоу-сынакка республикабыздын атактуу уул-кыздары, саясатчылар, ишкана мекемелердин жетекчилери, айтылуу дарыгерлер, окумуштуу академиктер, мамлекеттик кызматкерлер, кыргыз искусство чеберлери жана эстрада жылдыздары менен сахнада өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Долбоордун катышуучулары: -Белгилүү саясий ишмер, демократ Топчубек Тургуналиев жана Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын ырчысы Айзирек Момунова. -Коомдук ишмер Адамкалый Чыныбаев жана КРнын Эмгек сиңирген артисти Майрам Дүйшекеева. -Белгилүү журналист, мыкты обончу Эркин Кайымов жана Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын ырчысы Кундуз Карыпбаева. -Коомдук Телерадиоберүү Корпорациясынын "Биринчи радиосунун" башкы редактору Таалайгүл Сыдыкбекова жана КР эмгек сиңирген артисти Чырмаш Төрөбеков. -Улуттук Гвардиянын башчысынын орун басары, полковник Шайдылда Рүстөмбаев жана ырчы Кенже Көбөкова. -КРнын эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова жана КРнын эмгек сиңирген артисти Султан Каримов. -Белгилүү алып баруучу, көрүнүктүү ди-джей айым Салтанат Саматова жана мыкты ырчы Нурбакыт Разаков. -НТС каналынын белгилүү алып баруучусу Алтынбек Бедилов жана ырчы Элзар Өскөнбаева жана куудулдар Жаныбек Алыкулов менен Келдибек Ниязов "Кош-Жылдыз" долбоорунун катышуучулары болушту. Берүүнүн автору: Калийпа Сейдалиева. Калийпа Сейдалиеванын "Коломтодогу Кош жүрөк" жана "Кош жылдыз" көрсөтүүлөрүнө ой-пикирлериңиздер болсо: 0555700108 жана 0(312) 65 84 89 телефондоруна байланышыңыздар. "КТРК"