У вашего броузера проблема в совместимости с HTML5
Кыргызстанда, кыймылсыз мүлктүн баасы кескин төмөндөп кетти. Турак-жайдын наркы бир жылда эле 20-30 пайызга арзандаган. Мунун себеби, калктын кирешеси азайып кеткенинде. Доллардын курсунун жогорулоосу, чет элдеги кыргызстандык эмгек мигранттарынан келчү каражаттын кыскаруусуна алып келди. Россияга каршы киргизилген санкциялар да таасирин тийгизбей койгон жок, дешет эксперттер.
Мындан улам, турак-жай рыногунда, суроо-талапка караганда сунуш басымдуулук кылат. Кыйла, арзандаган үйлөрдү дагы, сатып алууга кардарлар жок болуп жатканы - насыяга ири суммадагы акча алып, кабат-кабат үйлөрдү тургузуп жаткан курулуш компанияларынын ишин дагы солгундатты.