Tuesday, 23 September, 2025г.
russian english deutsch french spanish portuguese czech greek georgian chinese japanese korean indonesian turkish thai uzbek

пример: покупка автомобиля в Запорожье

 

Чолпон-Ата: "Көчмөндөр оюну" башталды (видео)

Чолпон-Ата: "Көчмөндөр оюну" башталды (видео)У вашего броузера проблема в совместимости с HTML5
Даярдыкка байланыштуу бир катар сын айтылып келгени менен 9-сентбярда Чолпон-Ата шаарында эл аралык көчмөндөр оюнунун ачылышы бийик деңгээлде өткөнү айтылууда. Шаардагы ат майданда "Көчмөндөр оюндары" кечки саат сегизде ачылды. Ага мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев баш болгон бийлик өкүлдөрү жана 17 мамлекеттен келген делегация мүчөлөрү катышты. Ачылуу аземине он миңге жакын киши күбө болду. Салтанат өлкөдөгү дээрлик бардык телеканалдар аркылуу түз көрсөтүлдү. Иш-чарага Азербайжан, Австрия, АКШ, Орусия, Бразилия, Беларус, Германия, Казакстан, Литва, Өзбекстан, Монголия, Ооганстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Швеция жана Түштүк Кореядан расмий өкүлдөр жана спортчулар келди. 9-14-сентябрда өтчү “Көчмөндөр оюнунда” эр эңиш, алыш, күрөш, тыйын эңмей, аламан байге, салбуурун, кыз куумай, тогуз коргоол боюнча мелдештер болот. Originally published at - http://www.azattyk.org/media/video/26575925.html
Мой аккаунт