Saturday, 13 September, 2025г.
russian english deutsch french spanish portuguese czech greek georgian chinese japanese korean indonesian turkish thai uzbek

пример: покупка автомобиля в Запорожье

 

Америкадагы ишкер Жолдошбек:"Электроника сатып бутума турдум./Амазондон сатуунун жолдору. Чикаго

Америкадагы ишкер Жолдошбек:"Электроника сатып бутума турдум./Амазондон сатуунун жолдору. ЧикагоУ вашего броузера проблема в совместимости с HTML5
Бул чыгарылышта Жолдошбек Амазон компаниясынан кандай товарлар жакшы сатылат? Кандай жолдору, талаптары бар? Кыргызстандан эмнени Амазонго киргизүүгө болот? жана Американын стандарттары тууралуу кенен айтып берди. Эске сала кетсем, каарманым Жолдошбек Америкада жашаганына 8 жыл болуптур. Бул убакытта ал ар кандай жумуштарда иштеген. Амазон компаниясы азыркы тапта дүйнөдөгү эң чоң, платформасы күчтүү компания. Адистердин айтымында, азырынча Амазонго конкурент жокко эсе. Анткени, амазон дүйнө жүзүнө канатын жайып, өтө тездик менен өнүгүүдө. Айрыкча амазондо сиз Америкага келбей туруп да иштесеңиз болоорун эсиңизге сала кетейин. Көрсөтүүнүн автору: Гулайым Мурзаева. Эскертүү: материалды автордун уруксатысыз колдонууга болбойт. Каналга жазылыңыз. Подпишись на канал. Ссылки на соц сети: Инста:https://www.instagram.com/Gulaiym_mur... Facebook: https://www.facebook.com/Guliya355@ma... Салам. Менин аты жөнүм Мурзаева Гүлайым. 10 жылдан ашуун Кыргызстанда көптөгөң телеканалдарда журналист, алып баруучу, продюсер болуп иштеп, жаштарды тарбиялап, жаңы муунга туура багыт көрсөтүп келемин. Азыркы тапта Америкада жашайм. Менин максатым кайсы жерде жашабайын, Кыргызстанга салым кошуу.Ошол максатта Америкадагы пайдалуу маалыматтарды сиздерге ушул канал аркылуу көргөзүп жатамын. Алдыда абдан чоң пландарыбыз бар. Эң башкысы биз бийликтен үмүт кылбай, өзүбүз аракет кыла берели. Жаңы нерселерди үйрөнөлү. Билим алалы. Тил үйрөнөлү. Башка тилде кандай жакшы сүйлөсөк да, кыргыз тилин унутпайлы. Эгерде сизди кызыктырган тема болсо комментарийге калтырыңыз жана биз менен иштешүүнү кааласаңыз ар дайым сиз үчүн эшигибиз ачык. . Урматым менен кыргыз кызы Гүлайым.
Мой аккаунт