У вашего броузера проблема в совместимости с HTML5
1. Кызматташтыктын 25 жылдыгына дал келген жолугушуу. Президент Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугуп, кыргыз-кытай мамилесин мындан ары өнүктүрүүнүн багыттарын талкуулашты.
2. Жарык өчөт дегендер жаңылышат. 16-декабрда авария болуп, кабелдери иштен чыккан Токтогул ГЭСинин экинчи агрегаты ишке кирди.
3. Таң заарда келген тилсиз жоо. Талас шаарынын борбордук базарында жайгашкан Манас универмагында таңкы саат алтыда өрт чыгып, толугу менен күйүп кетти.